Кыргызстан

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кыргыз Республикасы

Flag of Kyrgyzstan (official standards).png Герб
Мамлекеттик Желеги Мамлекеттик Герби
Мамлекеттик Гимни
Kyrgyzstan (orthographic projection).svg
Негизделген 840-жыл Кыргыз кагандыгы
Эгемендүүлүк күнү 31 Баш Оона 1991-жылы

ССРСден)

Расмий тилдери Кыргыз тилимамлекеттик тил
Орус тили — расмий тил[1]
Борбор шаары Flag of Bishkek Kyrgyzstan.svg Бишкек
Ири шаарлар Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол
Президент
ЖК төрагасы
Премьер-министр
Сооронбай Шарип уулу Жээнбеков
Дастан Артисбек уулу Жумабеков
Мухаммедкалый Дүйшөкөй уулу Абылгазиев
Мам. дини Дин аралашпаган мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
97-чи - дүйнөдө
199 951 км²
4,4 % [2]
Калкы
• Бааланган (2017)
Жыштыгы

6 389 500[3] адам (111-чи)
29 ад./км²
ИДП (САМ)
  • Бардыгы (2016)
  • Ар бир жанга

210,009 млрд. доллар [4] $ (135-чи)
3467[5] доллар $
ИДП (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

6,597[6] млрд. доллар $ (2016)
1133[7] доллар $
АДӨИ ( 2015) 0,664[8] (орточо) (120-чы)
Этнохороним Кыргыздар
Акча бирдиги Кыргыз Сому
(KGS, код 417)
Домени .kg
ISO коду KG
ЭОК коду KGZ
Телефон коду +996
Убакыт аралыгы UTC +06:00

Кыргызстан (расмий түрү: Кыргыз Республикасы) — Борбордук Азиянын түштүк-чыгышында жайгашкан мамлекет. Түштүк-батыш жагында Памир-Алайда, түндүк-чыгыш жагында Тянь-Шань. Өлкө түндүктөн Казакстан, батыштан Өзбекстан, түштүк-батыштан Тажикстан, ал эми түштүк-чыгыштан жана чыгыштан Кытай менен чектешет.

Борбору — Бишкек, калкы жана аянты боюнча эң ири шаар.

Чоң шаарлары Ош (255,8 миң), Жалал-Абад (98,4 миң), Каракол (68,0 миң).

Кыргызстан 9 администрациялык аймактан турат — Бишкек шаары, Ош шаары, Баткен облусу, Жалал-Абад облусу, Нарын облусу, Ош облусу, Талас облусу, Чүй облусу жана Ысык-Көл облусу. Облустук борборлор — Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Каракол.

Жалпысынан республиканын аймагында 100 дөн ашуу улуттардын өкүлдөрү жашайт.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Байыркы мезгил[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстандын территориясында адамзаттын ишкердигинин алгачкы издери баштапкы же төмөнкү палеолит дооруна барып такалат. Бул учур жөнүндө  А. П. Окладников 1953-жылы Борбордук Тянь-Шандан, Он-Арча суусунун сол жээгинен тапкан таш куралы далилдеп турат. Бул таш куралын иштетүү техникасы анын даярдалган убактысын буга чейин 300 миң жыл мурда деп эсептөөгө мүмкүндүк берет. Ушуга окшоп жасалган курал Кыргызстандын түштүгүндө Кожо-Бакырган-Сайда табылган.

Энеолит доору Саймалы-Таш капчыгайындагы таштарга чегип тартылган сүрөттөрдүн байыркы бөлүгүнөн көрүнөт. Бул орто кылымдарга чейинки энеолит жана  коло доорунун ыйык саналган зор борбору.

Булактарга ылайык Орто Азиянын мал баккан элдери биздин эрага чейинки I миң жылдыкта “сактар” деп аталган. Алар биздин эрага чейинки I миң жылдыкта Борбор Азиянын саясый окуяларында жигердүү роль ойногон жоокер уруулары болгон.

Биздин эрага чейинки  III кылымда Борбор Азиянын территориясында гунндардын империясы өкүмдарлык кылып турган. Б. э. ч. 201-жылы Модэ (Маодунь) ал кезде Чыгыш Тянь-Шанда жайгашкан Гэгунь (Кыргыз) ээлигин баш ийдирген. Маодундун башкаруусу кыргыз элинин тарыхында баштапкы маанилүү окуя болгон: кытай жылнаамасында 201-жылы биринчи жолу “кыргыз” этноними эскертилет.

Сактардын жолун улоочулар усундар болушкан. Жети-Сууну, Жунгарияны жана Борбордук Тянь-Шанды ээлеп, алар мында байыркы мамлекеттердин бирин түптөшкөн. Усундун төбөлү Кюнбаг б. э. ч. 71-жылы Хан империясы менен бирдикте гунндарга кыйратуучу сокку урган. Ал убакта Кыргызстандын бир бөлүгү Фергана өрөөнүндөгү Давань мамлекетинин курамына кирген. Давань (байыркы перси булактары боюнча – Паркана) калкы жыш жайгашкан өлкө болгон. Өзгөчө Фергана жылкыларынын атагы алыска угулган. Кытай аларды өз атчандар аскери үчүн алганга умтулган. Б. э. ч. 104—99-жылдарда Давань Хан империясы менен күрөштө көз карандысыздыгын сактап калган.

VI кылымдын ортосунда Алтайда Түрк каганаты түзүлгөн (551—744). VI кылымдын 70-жылдарында ал күч-кубатка толуп турган. Ал Хингандан Түндүк Кавказдын түздүктөрүнө чейин, Енисейдин жогору жагынан Аму-Дарыясынын жогору жагына чейин созулуп жаткан аймакты ээлеген. 603-жылы Түрк державасын расмий түрдө Чыгыш жана Батыш каганаттарына бөлүү болгон.

Батыштүрк каганаты (603—704) Чыгыш Түркстандан, Тянь-Шань тоолорунан жана Жети-Суудан тартып,  Түндүк Кавказга чейинки кеңири аймакты ээлеген. Администрациялык-саясый жана башкы соода борбору Суяб шаары (Токмок шаарына жакын Ак-Бешимдин урандылары) болгон.

Батыштүрк каганаты кулагандан кийин Кыргызстандын аймагында Түргөш каганаты (704—746) өмүр сүргөн. 746-жылы ага карлуктар кол салат. Карлуктар мамлекети көчмөн уруулардын күчтүү союзунан турган. VIII– IX кылымдарда Карлук каганаты Жети-Суу менен Тянь-Шанда өкүмдарлык кылган. Ушул учурда Түштүк Сибирде Енисейлик кыргыздардын мамлекети көтөрүлө баштаган. Уйгурлар менен 20 жылдык согуштун натыйжасында (820—841) кыргыздар аларды талкалаган. Уйгур каганатын талкалоо жана Борбор Азиянын кеңири аймактарын жеңип алуу Улуу Кыргыз каганатын түзүүгө алып келген.

Карахан каганатынын түзүлүүсү менен (X кылымдын башы XIII кылымдар) Кыргызстандын аймагында ислам маданияты жайылтыла баштайт. Бул болсо шаар маданиятынын, жазуунун, адабият менен тарыхтын дүркүрөп өсүүсүн шарттаган. Улуу ойчулдар Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари өздөрүнүн  улуу чыгармаларын жаратышкан.

Орто Азияны Чыңгыз хан жеңип алуусу менен Чагатай улусу түзүлгөн. Алардын артынан Хайду жана Моголистан мамлекеттери пайда болгон. Моголистандын тушунда тарыхый аренага кыргыздар чыгышкан. Моголистандык тарыхчы Мухаммед Хайдар аларды “Моголистандын жапайы арстандары” деп атаган. Бул алардын аталган региондогу саясый артыкчылыгын күбөлөп турат.

XV—XVI кылымдардын экинчи жарымында кыргыздар өздөрүнүн азыркы этникалык кебетесине келишкен жана негизинен Тянь-Шань менен Памир-Алай аймактарын ээлеп турушкан.

XVII кылымдын ортосунан баштап, XVIII кылымдын ортосуна чейин кыргыздар Жунгар хандыгынын басып кирүүсүнөн өз көз карандысыздыгын коргошкон.  

XVIII кылымдын 60-жылдарында түштүк кыргыздар, андан кийин XIX кылымдын 20-30-жылдары түндүк кыргыздар Кокон хандыгынын таасиринде калат.

XVIII кылымдын аягында жана XIX кылымдын башында түндүк кыргыз уруулары Россия менен өз алдынча мамиле түзө баштаган. 1785-жылы сарыбагыш бийи Атаке баатыр биринчи өкүлдөрүн Россияга жөнөткөн. 1855-жылы бугу уруусу Россиянын букаралыгын алган. Бул Кыргызстандын Россияга кошулуу процессинин башталышы эле. 1868-жылы Кыргызстандын түндүк бөлүгү Россияга биротоло кошулган, ал эми түштүгү Кокон хандыгына  каршы көтөрүлүштү баскандан кийин 1876-жылы жеңип алынган.

1867-жылы Кыргызстанда Россиянын административдик-аймактык башкаруусу иштей баштаган. Падышалыктын журт котортуучулук жана салык саясаты улуттук жана экономикалык эзүүнү күчөтүп жиберген. Орто Азия элдеринин биринчи антиколониялык козголоңу Фергана өрөөнүндө 1898-жылы Анжиян шаарында болгон.

Кошулуу процесси кыргыздардын экономикалык жана чарбалык көнүмүш турмушунун акырындап өзгөрүүсүнө алып келген. Кыргыз элинин географиясын, табиятын, тарыхы менен маданиятын окуп-үйрөнүү башталган. Бул прогрессивдүү көрүнүш эле. Бирок падышалыктын колониялык саясаты 1916-жылкы көтөрүлүшкө алып келгендиги, ал болсо трагедия менен аяктагандыгы белгилүү.

Совет мезгили[оңдоо | булагын оңдоо]

Россиядагы Октябрь революциясы (1917-ж.), социалисттик түзүлүштү орнотуу, элдердин өзүн өзү аныктоо укугу жана СССРдин түзүлүшү Кыргызстандын тарыхындагы тарыхый бурулуш этап болгон.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүүсү менен (1924-жылдын 14-октябры) советтик типтеги кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүүсү башталган, бул болсо саясый татаалдашуусуз 1991-жылы толук эгемендик алууга мүмкүндүк берди.

Социализм доору Кыргызстанды кайра жаратып, аны индустриалдык-агрардык өлкөгө айландырды. Көп тармактуу өнөр жайы, курулуш индустриясы жана курулуш, транспорт, байланыш, техникалык жабдылган айыл чарбасы, соода-сатык жана кызмат көрсөтүүнүн башка түрлөрү республиканын бирдиктүү эл чарба комплексинин органикалык курамдык бөлүктөрү болуп калды. Эмгек ресурстарын жайгаштыруу көйгөйү жалпысынан ийгиликтүү чечилип, элдин жашоо-турмушунун материалдык деңгээли жогорулаган.    

Өзгөчө отун-энергетика комплекси өнүккөн, 80-жылдарда көмүр өнөр жайынын үлүшүнө Орто Азияда өндүрүлгөн көмүрдүн 40%ына чейини туура келген. Энергетика комплекси, түстүү металлургия ийгиликтүү өнүккөн. Анда негизги орунду сурьма, сымап, чанда кездешүүчү жана башка түстүү металлдар ээлеген. Кадамжай комбинатынын сурьмасы эл аралык базарда сапаттын үлгүсү болгон. Хайдаркан сымап комбинатынын өндүрүмдөрү дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүнө жөнөтүлүп турган. Айыл чарбасында жетектөөчү ролду мал чарбасы ойногон. Кыргызстан кой чарбасынын азык-түлүктөрүн өндүрүүнүн абсолюттук көрсөткүчтөрү боюнча СССРде үчүнчү орунда турган, алдыда РСФСР менен Казакстан гана болгон.

Өндүрүлгөн улуттук кирешенин өнүгүү темпи боюнча Кыргызстан Украина, Казакстан, Литва, Молдова, Түркмөнстан жана Эстония сыяктуу союздук республикалардан алдыга кеткен. Шаарлар жана калктуу пункттар пайда болуп жана көрктөндүрүлүп турган, ал эми илимий-техникалык революция индустриалдык өнүгүүнүн гана эмес, ошондой эле социалдык маанидеги да элемент болуп калган.

Улуу Ата мекендик согушта Кыргызстандын эли да өзүнүн татыктуу салымын кошкондугун белгилей кетүү керек, кан майданга 360 миң кыргызстандык жөнөтүлгөн. Алар баатырларча салгылашкан, 73ү Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болуп, 21и үч даражадагы Даңк ордени менен сыйланган. Кыргызстан өлкөнүн бирдиктүү аскердик-чарбалык организминин ишенимдүү бастиону болуп калды. Эвакуацияланган ишканалар калыбына гана келтирилбестен, ошондой эле өзүнүн өндүрүштүк кубатын кеңейтишкен.

Маданий курулуштун башкы багыттарынын бири сабатсыздыкты жоюу, билим берүүнүн жаңы системасын түзүү болуп калды, квалификациялуу кадрларды даярдаган жождор жана орто-атайын окуу жайлары ийгиликтүү иштеп жатты. Илимдин калыптануусунда жана өнүгүүсүндө СССР ИАсынын Кыргыз филиалы (1943) чоң роль ойноду, ал 1954-жылдын декабрында республиканын Илимдер академиясы деген статус алган.

Улуттук кесипкөй адабият кыргыз тилинде жазуунун түзүлүшү менен башталган. Улуттук жана дүйнөлүк адабиятта өзгөчө орун Ч. Айтматовго таандык, анын чыгармалары дүйнө элдеринин 80ден ашык тилдерине которулган. Профессионал кыргыз искусствосу: театр, музыка, көркөм сүрөт жана кинематография да ийгиликтүү өнүктү.

Талашсыз жакшы жактары менен бирге совет мезгили тоталитардык режимдин көптөгөн адам тагдырларын трагедияга кептеген терс көрүнүштөрү менен да тарыхта калды.

Көз карандысыз Кыргызстан[оңдоо | булагын оңдоо]

1991-жылдан баштап, СССР кыйрагандан кийин кыргыз элинин көп кылымдык тарыхында жаңы барак ачылат. 31-августта Кыргызстан өзүн эгемен мамлекет деп жарыялады жана реформалоо этабы башталды. КПССтин мурдагы тоталитардык-авторитардык режими авторитардык-демократиялык режим менен алмаштырылды. Демократиялык башкаруу принциптери киргизилип, жалпы элдик (мамлекеттик) деп аталган менчиктин ордуна жеке менчикке артыкчылык берилүү менен менчиктин ар түрдүү формалары киргизилди. Пландык экономика базар экономикасына алмашты, мурда социалдык бир түрдүү коом тез эле дифференциялашып калды. Коммунисттик идеология буржуазиялык-либералдык идеологияга жол берип, жамааттык аң-сезим жекече индивидуалдуулук менен четке сүрүлдү.

Коомдук-саясый жагынан республика мамлекеттүүлүктүн бардык атрибуттарына ээ болду, дүйнөлүк коомчулуктун тең укуктуу мүчөсү болуп калды. Бирок мурдагы СССРдин чарбалык байланыштарынын үзүлүп калышы республиканын социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизди. Инфляциялык процесстин күчөп кеткендигине байланыштуу 1993-жылы улуттук валюта (сом) киргизилген. Бул өлкөгө өз алдынча каржылык жана акча-насыя саясатын жүргүзүүгө мүмкүндүк берди. Ошол эле жылы эгемен Кыргызстандын биринчи Конституциясы кабыл алынат. Бирок базар экономикасынын реформаларынын чийкилиги мамлекеттик бюджеттин өтө таңсыктыгына алып келди да, республика агрардык-индустриалдык өлкө болуп калды, ал эми калктын жарымына жакыны өтө жакырданып кетти.

Коррупциянын өтө күчөп кетиши, коомдун тез дифференциялашуусу, криминалдашуу, бийликтин авторитаризми Кыргызстанды иштеп жаткан режимди эки ирет кулатууга (2005-жылдын 24-мартында жана 2010-жылдын 7-апрелинде) алып келди. Өткөөл убактылуу өкмөттөн кийин Кыргызстанда парламенттик республика орнотулуп, Жогорку Кеңешке кеңири ыйгарым укуктар берилген.

Татаал социалдык-экономикалык кырдаалдын айынан Кыргызстан көп вектордуу саясат жүргүзгөнгө аргасыз. Ал республикага инвестицияларды алып келүү максатында зарыл карым-катыштарды түзүп келет. Ал Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ), Дүйнөлүк Соода Уюмуна (ДСУ), Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча Уюмуна (ЕККУ), ЮНЕСКОго, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ), Жамааттык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна (ЖККУ), Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ), Ислам Кызматташуу Уюмуна (ИКУ), Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ), Түрк  тилдүү мамлекеттердин Кызматташтыгынын Кеңешине (ТМКК) мүчө болду, Бажы союзуна, Евразиялык экономикалык коомдоштукка интеграцияланууга кадам таштап, жакынкы эле эмес, алыскы да чет өлкөлөр менен байланыштарды жөнгө салууда.   

Демократиялашуу процессинин аркасында эгемен Кыргызстандын руханий турмушунда да маанилүү өзгөрүүлөр болуп өттү. Ушуга байланыштуу аны базар мамилелерине ыңгайлаштыруу үчүн билим берүү чөйрөсүндө бир катар мыйзамдар кабыл алынууда. Экономикалык кризистин кесепеттери илимий мекемелердин иштерине да терс таасирин тийгизди. Бирок, алар, анын ичинде Илимдер академиясы да ушул татаал шарттарга ыңгайлашууга жана илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын илгерилетүүгө аракетин аяган жок. Коомдун руханий кайра жаралуусу үчүн маданий мураска, атап айтсак, оозеки эл чыгармачылыгынын шедеври — “Манас” эпосуна аяр мамиле жасоо зор мааниге ээ.   

Бирок терс көрүнүштөр дээрлик эл аралык уюмдардын демөөрчүлүгүнүн эсебинен жансактап жаткан маданият чөйрөсүнө өзгөчө залакасын тийгизгенин белгилебей коюуга болбойт. Бирок белгилүү кыйынчылыктарга карабастан, мамлекет анын ченемдик-укуктук базасын түзүү боюнча бир катар чараларды көрдү.

Географиясы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызжердин картасы
Кыргызжердин топологиясы
Көппендин климат классификация боюнча Кыргызжердин картасы
Кыргызжердеги Теңир тоолордун кыркасы


Кыргыз Республикасынын деңизге чыкчу жол жок. Кыргыз Республикасынын аймагынын төрттөн үч бөлүгүн тоолор ээлейт. Бийиктиги 7439 метрди түзгөн Жеңиш чокусу Кыргызстандын эң бийик жери.

Кыргыз Республикасынын аймагы эки тоо системасынын айланасында жайгашкан. Аянты боюнча чоң түндүк-чыгыш бөлүгү Тянь-Шанга кирет. Түштүк-батыш тарабы Памир-Алай тоолоруна карайт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек аралары тоо кыркалары аркылуу өтөт.

Республиканын бардык аймагы деңиз деңгээлинен 401 метрден жогору бийиктикте жайгашкан. Анын жарымынан көбүрөөгү 1000 метрден 3000 метрге чейин жана 3000 метрден 4000 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. Тоо кыркалары аймактын төрттөн бир бөлүгүн ээлейт жана негизинен кеңдик тарапты карай бири-бирине жанаша узатасынан жайгашкан.

Чыгышта Тянь-Шандын негизги тоо кыркалары басымдуу тоо кыркасын түзүп, Меридиандык тоо кыркасынын районунда жакындашып кетет. Бул жерде Кытай, Казакстан чектешкен жерлерде Жеңиш чокусу (7439) жана Хан-Теңири (6995) көтөрүлөт.

Башкы орографикалык элементтер — Акшыйрак массиви, Какшаал тоо кыркасы, Кунгой жана Тескей Ала-Тоосу ж. б. Кыргыз Республикасынын аймагы батыштан чыгышка карай 925 километрга, ал эми түндүктөн түштүккө карай 459 километргесозулат. Кыргызстандын аянты 198,5 миң квадрат километр.

Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2750 метр, эң бийик жери — 7439 метр (Жеңиш чокусу), эң жапыс жери — 394 метр (республиканын түштүк-чыгыш аймагында). Кыргызстан — тоолуу өлкө. Кыргыз Республикасында тоолор бийик. Республикада түстүү жана сейрек учурай турган металлдар, көмүр жана башка кен-байлыктар бар. Климаты континенталдуу. Дарыялары негизинен Сырдарыяга куят, анын башкы булагы — Нарын). Ысык-Көл, Соңкөл, Чатыркөл, Сарычелек сыяктуу кооз көлдөр бар.

Саясат[оңдоо | булагын оңдоо]

Аскердик[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз жоокерлери мина машыгууларды өткөрүп жатат.

Кыргызжердин Куралдуу Күчтөрү КСРБ тарагандан кийин түзүлгөн жана Жер Күчтөрдөн, Аба Күчтөрдөн, Ички Аскерлерден, Улуттук Уландан жана Мамлекеттик Чегaра Кызматынан турат. Акыркы жылдары, Куралдуу Күчтөр Оусжер менен мыкты мамилелерди иштеп чыгып атат, анын ичинде 1,1 млрд доллар турган жогорулатуу иштерине кол коюп жана орус аскерлери менен окууларга катышып баштады. Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети аскердик жана анын кеңештик мурдакы-МКК сыяктуу максаттарга кызмат кылат. Ал терроризм менен күрөшүү боюнча "Альфа" деген тандамал атайын күчтөрдү тейлейт. Полиция чек ара кайтаруу менен бирге ички иштер министрлигинин командачылыгынын алдында турат.

Аймактык бөлүнүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызжер жети облустка бөлүнөт. Бишкектин жана чоңдугу боюнча экинчи шаардын — Оштун, облустка тең абалы бар, алар административдик көз карандысыз шаар болуп эсептелет.

Kyrgyzstan provinces map.png

Аймактар жана көз карандысыз шаарлар болуп төмөнкүлөр саналат::

  1. Бишкек шаары
  2. Баткен облусу
  3. Чүй облусу
  4. Жалалабат облусу
  5. Нарын облусу
  6. Ош облусу
  7. Талас облусу
  8. Ысык-Көл облусу
  9. Ош шаары

Ар бир аймак өкмөт тарабынан дайындалган кызмат адамдарынын (аким) тарабынан башкарылган округдарынын санын (аймактары), камтыйт. 20 чакан калктуу турган айылдык жамааттар (айыл өкмөтү), өз шайланган мэрлер жана комитеттер бар.

Символдору[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору:

  1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу;
  2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби;
  3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби Жогорку Кеңештин 1994-жылдын 14 Үчтүн айындагы токтому менен бекитилген. Авторлору — Асейин Абдраев жана Садырбек Дубанаев.

Гербдин алдыңкы фонунда Ак шумкар эркиндиктин символу болуп эгемен мамлекетибиздин эң башкы белгиси катары түшүнүк берип турат. Андагы Ысык-Көл менен Ала-Тоонун элестери улуттук сыймыгыбыздын куту сыяктуу кабылданып, нурун чачкан күндүн турушу — түбөлүктүүлүк менен бейпилчиликтин белгиси. Ал эми бул ыйык элестерди айланта Кыргыз Республикасы деген алтын түстөгү жазуу жана токчулуктун, мээрмандыктын түшүнүгүн берип, байгерчилик турмуштун жышааны — буудай менен пахтанын сүрөтү орун алган. Жогорудагы белгилер өлкөбүздүн жана андагы жашаган элдердин өнүгүүгө, келечекке болгон умтулуусун, биримдигин айкындап турат. Келечек муундун бактылуу жашоосуна багыт берип турган гербдеги элестер элибиздин эртеңки жаркын турмушуна болгон чакырыктай мааниге ээ.

Кыргыз Республикасынын туусу 1992-жылы 3 Жалган Куран айында республиканын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген. Авторлору: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги кызыл түстө. Анын ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нур болуп чачыраган күнгө окшош тегерек жайгаштырылган. Күндөй төгөрөктүн ичинде Кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түстө берилген. Желектин туурасы анын узундугунун бештен үч бөлүгүн түзөт. Жаркыраган төгөрөктүн диаметри желектин туурасынын бештен үч бөлүгүн түзөт. Күн жана нур чачыраган дискалардын диаметрлеринин салыштырмалуулуугу бештен үч бөлүгүнө барабар. Түндүктүн диаметри жаркыраган төгөрөктүн диаметринин жарымын түзөт.

Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк — үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт. Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу, желектин кызыл түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон.

Кыргыз Республикасынын гимни — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен 1992-ж. 18 Бештин айында бекитилген.

Сөзү: Ж. Садыков, Ш. Кулуев,

Музыкасы: Н. Давлесов, К. Молдобасанов тийиштүү.

Эгемендүү Кыргыз Республикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Президентти шайлоо жана «Мамлекеттин көз карандысыздыгы жөнундө» Декларация[оңдоо | булагын оңдоо]

1990-ж. Жалган Куран айда СССР Эл депутаттарынын 3-съезди өлкөдө Президенттик бийликти белгилеген. Президенттик бийлик өлкөдө өкмөттүн ишмердигин аныктаган жана анын ишин көзөмөлдөгөн. Мыйзам чыгаруучу жана сот бийликтеринин иштерин эл чарбасын башкарууну, бюджеттик-финансылык системаны, эмгекке акы төлөө жана баалардын аныкталышын, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн. СССРде президенттик башкаруунун киргизилиши менен Казакстанда, Өзбекстанда ж. б. бир катар союздук республикаларда президенттик башкаруу киргизилген. 1990-ж. 27 Тогуз айда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында альтернативалуу негизде Аскар Акаев Кыргыз Республикасынын тунгуч Президенти болуп шайланган.1990-ж. 15 Бештин айында Кыргыз ССР Жогорку Советинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү” Декларация кабыл алынып, Кыргызстан Советтер Союзунун курамындагы эгемен өлкө катары жарыяланган. 1991-ж. 22 Үчтүн айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 3-сессиясында “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам иштелип чыккан. Мыйзам боюнча биринчи жолу Президенттин, вице-президенттин кызматтары киргизилип, жергиликтүү бийлик органдарынын милдеттери, укуктук негиздери такталган. 1991-ж. 5 Бирдин айында республиканын борбор шаарынын тарыхый аты кабылына келтирилип, Фрунзе шаарына кайрадан Бишкек деген баштапкы аты берилген. 1991-ж. 8 Бугу айда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети республиканын жаңы Конституциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча комиссиянын курамын бекиткен. 1991-ж. 19 Чын Куран айда “Жер реформасы жөнүндө” мыйзам кабыл алган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 1991-ж. 31 Баш Оонада “Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө” Декларация кабыл алынып, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган. Көз каранды эместиктин шартында 1991-ж. 12 Тогуз айда Аскар Акаев жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен 1991-ж. 20 Тогуз айда Мамлекеттик коопсуздук жоюлуп, анын ордуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, ал эми 3 Бештин айында Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясы түзүлгөн. 1991-ж. 8 Бештин айында Минск шаарына жакын Беловеж токоюндагы өкмөттүк резиденциясында Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы жана Украина Көз каранды эмес Мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшат. 1991-ж. 21 Бештин айында Алматыда Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы, Украина, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Молдавия, Тажикстан, Түркстан жана Өзбекстан КМШны түзүү келишимине кол коюшкан. 25 Бештин айында М. С. Горбачев СССРдин жоюлгандыгына байланыштуу СССРдин Президентинин милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Республикасынын калкы 6,0 миллиондон ашуун (2017-жыл) адам. Анын 72,6% (4,6 млн) кыргыздар, 14,34% (816,2 миң) өзбектер, 6,87% (375,4 миң) орустар жана дунгандар — 64 565, уйгурлар — 52 456, тажиктер — 50 174, түрктөр — 40 953, казактар — 33 701, татарлар — 28 059, азербайжандар — 18 946, корейлер — 16 807, украиндер — 14 485, немистер түзөт. Жалпысынан өлкөдө 80ден ашык улуттардын өкүлдөрү жашайт.

Жалпы калктын 32,8% 14 жашка чейинки балдар түзөт. Эмгекке жарамдуулар калктын 59,0%, ал эми ишке жарамдуулардан улуулар — 8,7% түзөт.

Ажайып жайлары[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстан — таң каларлык тоолуу өлкө. Анын аймагында ар түркүн кооз жерлери толтура.

Ысык-Көл[оңдоо | булагын оңдоо]

Осень Иссык-Куля - panoramio.jpg

Ысык-Көл — Кыргызстандагы эң чоң көл. Дүйнөдөгү 25 ири көлдүн катарында жана эң терең көлдөрдүн тизмесинде 7-орунда турат. Республиканын түндүк-чыгышында, Түндүк Тянь-Шань тоо кыркаларында: Күңгөй Ала-Тоо менен Тескей Ала-Тоонун ортосунда, деңиз деңгээлинен 1609 метр бийиктикте жайгашкан. Андан суу кайра агып чыкпайт,  бирок ага салыштырмалуу анча чоң эмес, 80дей өзөн-сайдын суулары келип куюлат. Алардын чоңдору — чыгыш жактан куюлган Түп менен Жыргалаң суулары. Батыш тараптан Чу дайрасы көлгө абдан жакын агып өтөт, Балыкчынын тушунан 6 км аралыкта жазгы суу ташкындары учурунда анча-мынча кошулуп да кетет. Суунун деңгээли Ысык-Көлдө циклдер боюнча өзгөрүп турат (бирде көтөрүлөт, бирде түшөт). Цикл бир нече он жылдын ичинде алмашат. Суусу туздуу (суунун минералдашуусу — 5,90%).  

Суунун көлөмү 1738 км³ түзөт, көлдүн бети — 6236 км², жээгинин айланасы — 688 км, орточо тереңдиги — 278 м, эң терең жери дээрлик 2,5 эсе болуп, 702 метрге барабар. Ысык-Көлдүн узундугу батыштан чыгышка 182 км, ал эми түштүктөн түндүккө — 58 км. Ысык-Көл тунуктугу боюнча дүйнөдө    Байкалдан кийинки экинчи орунда турат.

Арсланбаб[оңдоо | булагын оңдоо]

Арсланбаб — бул табияттын уникалдуу туундусу, деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте жайгашкан, гүлдөгөн оазис. Арсланбаб — бул Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан эң кооз курорттордун бири.

Арсланбаб району Фергана жана Чаткал тоолорунун батыш жана түштүк тараптарында, Бабаш-Ата тоо кыркаларынын кокту-колотунан орун алган. Анын атагын алыска чыгарган — бул баарыдан мурда анын жалпысынан 608,5 миң гектар жерди ээлеген жемиштүү жаңгак токойлору.

Бирок жемиштүү жаңгак токойлору — Арсланбабдын жападан жалгыз мактанычы эмес. Деңиз деңгээлинен 2200 м бийиктикте, аска-зоону аралай тоонун көк кашка мөлтүр суулары таштан-ташка уруна, мөңкүп агып жатат. Кээ бир жерлерде алар тээ асмандан атырылып түшүп, жомоктогудай шаркыратмаларга айланышат. Жергиликтүү калк бул жаңгакка байланыштуу мындай уламышты жакшы билишет. Качандыр бир айтылуу Александр Македонский өзү бул жердин жагып калган жаңгак жемишин алыстагы мекенине ала кеткен имиш. Мына ошол жаңгактар Грециянын жаңгак бактарынын түптөлүшүнө негиз болгон экен (ошондон улам жаңгактын бул түрү “грек жаңгагы” аталып калган дешет).

Сулайман -Тоо.jpg

Сулайман-Тоо[оңдоо | булагын оңдоо]

Сулайман-Тоо — батыштан чыгышка карай суналып жаткан беш урчуктуу уютулган чулу таштай болгон касиеттүү тоо. Анын узундугу — 1140 м, туурасы — 560 м. Бул тоону байыртан эле касиеттүү, ыйык тоо деп эсептеп келишкен. Бул жөнүндө сакталып калган петроглифтер да күбө өтүп турат. Тоонун боорунда анын музейи курулган. XVI кылымга чейин тоону  Бара-Кух, андан соң дээрлик XX кылымга дейре Тахты-Сулейман («Сулаймандын тактысы») деп аташкан.

Сулайман- Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Тоонун чокусунда «Тахты Сулайман» мечити (1963-жылы жардырылып жиберип, сакталып калган материалдарынын негизинде 1991-жылы калыбына келтирилген), ошондой эле XVI кылымга таандык, жакында калыбына келтирилген «Рават-Абдуллахан» мечити — XVIII кылымдын эстелиги жана худжра имараты бар.

Сулайман- Тоодо «Чакка тамар» жана «Тепеүңкүр» үңкүрлөрү бар. Сулайман- Тоону түндүгүнөн жана түштүгүнөн эки канал айланып өтөт.

Kyrgyzstan Canyons Dzhety Oguz 001.jpg

Жети Өгүз[оңдоо | булагын оңдоо]

Жети-Өгүз Каракол шаарынан батышка карай 28 км аралыкта, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан эң кооз тоо капчыгайы.

Жети-Өгүз капчыгайы Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы, Ысык-Көлдү түштүгүнөн айланып өтүүчү аты уйкаш дайранын куймасында жайгашкан. Тизилип жаткан өгүздөрдү элестеткен, шамалга тотуккан, тизилген кызыл аскалардан улам ал “Жети-Өгүз” деген атка ээ болгон. Бул аскалар босогодон тосуп алып, капчыгайдын таанытма айырмасындай туюлат. Ал эми “Жарылган жүрөк” деп аталган кызыл аска — жергиликтүүлөр мактанган жай. Арзышкандардын бардыгы дайыма аны жандай сүрөткө түшүшөт.  

Капчыгайда 2200 м бийиктикте Жети-Өгүз курорту жайгашкан. Ал өзүнүн дарылык касиети күчтүү геотермалдык булактары менен атагы чыккан.

Башня Бурана на фоне Киргизского хребта.jpg

Бурана[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстан 10-кылымдардын ортосунда Караханиддер мамлекетинин курамына кирген. Бул кол өнөрчүлүктүн, сооданын, курулуштун өнүгүүсүнө жана жаңы шаарлардын пайда болуусуна өбөлгө түзгөн абдан күчтүү мамлекет болгон. Мындай жаңы шаарлардын катарына ал кезде Баласагын да кирген. Бул аталышы Бурана мунарасынан келип чыккан Бурана шаарчасы болгон. Бул атактуу шаарчанын урандылары Токмок шаарынан 12 км жерде жайгашкан.

Эң ар түрдүү максаттагы курулуштардын калдыктары шаарчанын ар кайсы жерлеринен табылат. Шаарчанын борбордук бөлүгү туура эмес тик бурчтукка окшоп кетет. Борбордук урандылардын чыгыш жагында Бурана мунарасы жайгашкан. Бул бышкан кирпичтен салынган мунара 10-11-кылымдардагы Орто Азиядагы архитектуралык курулмалардын эң мыктыларынын бири болуп саналат.

Таш-Рабат[оңдоо | булагын оңдоо]

Tash Rabat banner.jpg

Таш-Рабат — бул уникалдуу архитектуралык эстелик Нарын облусунун Кара-Коюн деп аталган эң кооз капчыгайында жайгашкан. Ал Нарын шаарынан 110 км түштүктө, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте. Таш-Рабат Кыргызстандын 15-кылымга таандык эң башкы архитектуралык ажайып жайларынан болуп саналат.

Орто кылымдарда Улуу Жибек жолунда Таш-Рабат чеби кербен-сарайдын кызматын аткарып, соодагерлер менен саякатчылардын дайыма токтоп өтүүчү жайы болгон. Таш-Рабат ошол алыскы мезгилде Чүй жана Фергана өрөөндөрүн Кашгар менен байланыштырып турган соода жолунда жайгашкан. Мергенчилер менен малчылар үчүн бул таш сарай адаттан тышкары курулуш болуп, ал жөнүндө ар кандай байыркы уламыштар айтылган.

Таш-Рабатты окумуштуулар 19-кылымдын аягында жана 20-кылымдын башында гана жакшылап изилдей башташкан. Алар бул комплекстин маданий жагын жана анын эмне үчүн курулгандыгын ар түрдүү жорушат. Айрымдары Таш-Рабаттын курулушу орто кылымдын акырына туура келет дешсе, башкалары муну 10-11-кылымдарда курулган христиандык несториандык монастырдын урандылары деп айтышкан.

1980-жылы өлкө үчүн өзгөчө тарыхый мааниси бар бул маданий эстеликти реставрациялоо жүргүзүлгөн. Реставрациядан кийин ага ар түрдүү өлкөлөрдөн туристтер тынбай келе баштады.

Таш-Рабаттын курулуш тарыхы карама-каршылыктуу. Документтерге ылайык ал жергиликтүү башкаруучу Мухаммед хандын буйругу менен курулган. Бирок көп жашаган карылар башка уламышты айтып, калтырышкан: “Таш-Рабатты атасы менен уулу курган. Курулуш аяктап калган кезде, куполго гана акыркы ташты коёрдо, алыстан кербен көрүнөт. Уулу ишин таштап коюп, ким келе жатканын карап көргөнү жөнөйт. Атасы болсо: “адегенде жумушту бүтүр, балам!” — деп айтат. Уулу укпастан кете берет да, кайра ошол бойдон кайрылып келбей калат. Көрсө, кербен менен кошо айчырайлуу сулуу кыз келе жаткан болот. Таш-Рабат ошол бойдон жабуусу жок турат”.

Нарын облусунда мына ушундай адаттан тыш архитектуралык эстелик бар. Таш-Рабаттан кызыктуу жол жүрүп, ашуу ашып, бийик тоодогу дагы бир кооз көлгө — Чатыр-Көлгө барса болот.

Сары-Челек5.jpg

Сары-Челек көлү[оңдоо | булагын оңдоо]

Сары-Челек көлү бийик тоодогу өтө кооз көл болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын батышында, Бишкектен 500 км, ал эми Оштон 300 км аралыкта, Сары-Челек коругундажайгашкан. Ал Чаткал тоо кыркасынын кызыктуу ажайып жайы. Көлдүн узундугу түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай 7,5 км, суусунун аянты — 507 гектар.Сары-Челек көлү деңиз деңгээлинен 1940 м бийиктикте жайгашкан.   

Жайкысын көлдөгү суунун тепмпературасы Цельсия боюнча +19 градустан ашпайт, ал эми кышкысын Цельсия боюнча +4төн 0 градуска чейин өзгөрүп турат. Көлдүн суусун ичкенге болот жана андан Кожо-Ата дарыясы агып чыгат.

Көлдү курчаган капчыгайлардан ондогон тоо суулары куюлуп турат. Көлдүн жээктери өтө тик жана салаңдаган аскалар менен курчалган. Жээктен эле дароо тереңдик башталып, кээ бир жерде ал 234 метрге жетет. Тереңдиги боюнча Сары-Челек Орто Азияда үчүнчү, ал эми Кыргызстанда экинчи орунда турат.

Көлдүн түндүк жээктери койкойгон карагайлар менен пихталардын калың токойуна курчалган. Эгер сиз бул жерге келип калсаңыз, Сибирдин чытырман токойлоруна туш келгендей эле болосуз. Көз мелжиген карагайлар жаркыраган көл суусунда күзгүгө карангандай, чагылышып турат. Бул табигый күзгүдөн көлдү курчаган кызыл аскалар менен жашыл ыраң тоолорду да көрүп, сиз өзүнчө эле бир жомоктор дүйнөсүнө туш келгендей болосуз.

Көлдүн “Сары-Челек” деген аты ага күзүндө гана жарашат. Бул убакта бак-дарактардын жалбырактары сары, кызыл түскө боёлуп, көл бал сузган чаканы элестетет. Жылдын калган бардык мезгилинде көлдөгү суу бир аз жашыл ыраң аралаган көк түстө болот. Көлдүн атына бир кооз уламышты байланыштырып жүрүшөт. Ал көл жээгинде аарынын уюгун кармаган балчы жөнүндө. Күндөрдүн биринде ал балды челекке куюп жатып, балдын түсү ага ушунчалык жагып калат да, көлдү “Сары-Челек” деп атап коюптур.

View to Son-Kol lake, Kyrgyzstan - panoramio.jpg

Соң Көл[оңдоо | булагын оңдоо]

Соң-Көл Тянь-Шань тоолорунун кооз көлү болуп саналат. “Соң-Көл” деген сөз “Акыркы көл” деген маанини билдирет. Ал Нарын облусунун түндүк-батыш бөлүгүндөгү “Соң-Көл тоо” менен “Молдо тоонун” кырларында жайгашкан зор өрөөнчөдө, деңиз деңгээлинен 3016 м бийиктикте жайгашкан. Көлдүн узундугу 29 км, ал эми туурасы — 18 км, тереңдиги — 22 метрди түзөт. Бул көл Кыргызстандагы эң ири ичүүчү суу топтолгон жай болуп саналат. Көлдүн бетинин аянты — 278 кв. км.  

Соң-Көлдүн суусу тоолордон агып түшкөн чакан дайралардын эсебинен толукталып турат, ал эми көлдөн Соң-Көл дайрасы агып чыгып, оргуштаган Нарын дайрасына кошулат.

Соң-Көл тулаңдуу мейкиндикте жайгашып, кыргыз жайлоолору менен курчалган. Бул жерлерди илгертен бери кыргыздын төрт түлүк малы жайлайт. Жайкысын эл көлдү жээктей көчүп келет да, үй-бүлөлөрү менен жай бою боз үйлөрдө жашашат. Көлгө төрт жол менен барса болот. Бирөөсү Сары-Булак аркылуу түндүк — чыгышынан өтөт, экинчиси түштүк-чыгышта кыйма-чийме (серпантин) жол, үчүнчүсү түштүк-батышында Ак-Тал аркылуу жана төртүнчүсү түндүк-батышта Кара-Кече көмүр шахталарынын жанына өтөт.

Жаркырап жаткан көлдүн бети алыстан эле көзгө чалдыгат. Бул көл кар баскан Ала-Тоонун койнундагы кымбат баалуу алкакка катылган баа жеткис берметтей сезилет. Көл жээгинин табияты кол тийбеген бойдон болгондуктан ары сырдуу да, ары байыркы жомоктой. Көлдүн кооздугу көз жоосун алып, унутулгус элес калтырат. Аба ырайынын өзгөрүшүнө жараша көлдүн бети да түсүн өзгөртөт. Ал асмандай көпкөк, же сыя көк, ал тургай кызгылтым же сары да болуп көрүнөт. Ал эми сиз көл жээгинде аны карап олтурган болсоңуз, көл түсүнө жараша маанайын өзгөрткөн сыяктуу сиздин маанайыңыз да нечен түркүн өзгөрүп, не бир  кыялдарга туш болосуз.

Жогорку окуу жайлары[оңдоо | булагын оңдоо]

Майрамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

Маалымат булагы[9]:

Датасы Аталышы
Айдын толушу менен Орозо айт
Орозо айттан 70 күндөн кийин Курман айт
Бугу айынын 1и 1-май Эмгекчилердин күнү
Бугу айынын 5и Конституция күнү
Бугу айынын 9у Жеңиш күнү
Баш оонанын 31и КРнын Эгемендүлүүк күнү

Кыргыз Республикасынын аймак жана башкармалыктарга бекитилген унаанын тамга белгилери[оңдоо | булагын оңдоо]

Эскертүүлөр[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

kyrgyzinfo.ru